Кыргыздын Гиннес китебинен

Табышмактуу жерлер

Ысмайыл КАДЫРОВ 1951-жылдын 16-июлунда Нарын областынын Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. 1977-жылы КМУнун механика-математика факультетин бүткөн. 1977-2000-жылдары Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жетектөөчү редактор болуп иштеген. 2000-2004-жылдары КР өкмөтүнүн аппаратында референт, эксперт, 2005-жылдан сектор башчысы болуп эмгектенет. Үч ыр жыйнактын, бир проза китептин, бир нече сөздүктүн, илимий-популярдуу китептердин автору. Котормо китептери да бар. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР билим берүү, КР кесиптик-техникалык билим берүү отличниги. Т.Молдо атындагы адабий сыйлыктын, Түгөлбай Ата эл аралык коомунун лауреаты. Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун, КР журналисттер союзунун мүчөсү.

КЫРГЫЗСТАНДА ЭҢ ЭЛЕ КЫЗЫКТУУ, ТАБЫШМАКТУУ, СЫРДУУ, ТАҢ КАЛЫШТУУ ЖАРАТЫЛЫШКА ЭЭ БОЛГОН ЖЕРЛЕР КӨП

–  Кыргызстандагы эң кызык жер Баткенде. Мындагы Кыштут деген жерде кышында бир ай, жайында бир ай күн тийбейт.

–  Аксуу районундагы Теплоключенка айылынан 6 км аралыкта Алтын Арашан деген кичинекей көлмө бар. Анын айланасында кышында да ар түрдүү гүл өсүп турат.

–  Кан-Теңир тоо тоомунун батыш капталында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегинде Кептештин көлү (бул илимде Мерцбахер көлү делет) деп аталган бийик тоо көлү бар. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2 , тереңдиги 60-70 м. Деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омкорулган муз сыныктары көл үстүндө калкып жүрөт. Эңкейиш жагы жайдын акыры күздүн башталышында жырылып, суусу Эңилчек дарыясына куюлат. Көлдө чөөттөр гана калат. Бул учурда дарыя ташкындап, ал 7-10 күнгө созулат. Бул күндөрү дарыянын өлчөмү 700 м/секундага жетет. Сууга толбогон жылдары көл жырылбай калган учурлар да болот.

–  Ысык-Көлдөгү Жыргалаң шахтасынын аймагы республикада эң нымдуу жер. Мында жаанчачындын орточо көп жылдык өлчөмү 850-900 мм.

–  Кыргызстандагы эң катуу шамал Боом капчыгайынан чыгып Балыкчыдан 30-40 км чыгышка чейин жетүүчү Улан шамалы. Өтө катуу соккондо 40 м/секундадан ашат. Ал эми Санташ ашуусунан башталып көлдүн чыгыш акваториясына чейин жетүүчү (Уланга карама­каршы чыгыштан батышты карай) Санташ шамалы өтө катуу соккондо 30-35 м/секундага чейин жетет.

–  Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында Аракөл деген чөйчөктөй көл бар. Узуну 1,5, туурасы 1 км. Суусунун көлөмү 3 млн м3. Бул көл космостон спутниктин изилдөө микросхемасына тартылып калган. Ал схемага айрым маанилүү жерлер, кендер, көлдөр гана тартылуу күчү менен түшүп калат экен. Мындай схемага Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл да түшкөн эмес. Көлдүн үстүндө 4-5 үйдүн ордундай саз болуп, ал шамалдын ыгына карата жылып жүрөт. Ал саздын үстүнө отуруп алып балык кармагандар да болот. 1980-­жылдардын орто ченинде Дүйнөлүк суу жана суу ресурстарын изилдөө институтунун кызматкерлери атайын Москвадан келип космостон кандайча микросхемага тартылып калганын изилдеп кетишкен.

–  Кыргызстанда кышкысын да кар жатпаган эң шамалдуу жер Кочкор району. Кочкорду өрдөп баргандагы Кызарт, өөдөлөгөндөгү Каракол, бет маңдайындагы Сөөк өрөөндөрүнөн соккон шамал Кочкорго кашык кар калтырбай сапырып кетет. Ошондон бул жер “кар жатпас кара Кочкор” аталып келет.

–  Таластын Көксай айылынан Манас тоосун карай 2-3 км жерде жолдун боюнда алачыктай чоң таш жатат. Жергиликтүү эл муну “Ажыдаар таш” деп аташат. Үстү оюк. Оюктун көлөмү 50-60 метрлик чоң казандай. Ичине кар, жамгыр суусу түшүп, жыл мезгилине жараша суу өңүн өзгөртүп турат. Ушул суу менен жуунса тери оорулары (котур, чакалай, аллергия, диатез, сөөл, жара) сен көр, мен көр айыгат дешет.

–  1970-­жылдарда Кадамжай районундагы Хайдаркан айылына жакын жерден табылган минерал “Хайдарканит” деп аталган. Бул заттын өңү кызгылт. Курамында титан, күмүш, сурьма, жез ж.б. заттар бар. Химиктердин айтымында, мындай минерал башка эч бир жерден кездешпейт.

–  Геология-минералогия илимдеринин кандидаты Делвес Жээнчороев Нарын облусунун аймагынан жаңы минерал тапкан. Ага “Акаевин” деген ат коюлган. Ал минералдардын кобальт монтморилонит тобуна кирет. Көк түстөгү ири минерал. Д.Жээнчороев алгачкы аскер кызматкерлеринин бири Жамангул Жээнчороевдин уулу.

–  Аксынын Кечүү деген айылынын тоосунда жайгашкан Койташ кенинде “упа таш” деген таштар бар. Башка жерде кездешпейт. Фарфор буюм жасоого пайдаланылат.

СЕЙРЕК, ЖАҢЫ ӨСҮМДҮКТӨР ЖАНА ЖАНЫБАРЛАР, ЖАҢЫ ПОРОДАЛАР

–  Кыргыз ССР министрлер советинин 1976-жылдын 10­майындагы токтому менен биринчи жолу Кыргызстандын Кызыл китеби түзүлүп, 1981-жылдын 13-апрелиндеги токтому боюнча ага катталуучу өсүмдүктөр менен жаныбарлардын тизмеси бекитилген (Кыргыз жергесинде өсүмдүктүн 4,5 миңдей түрү өсөт, анын 600дөйү дары чөптөр). Кызыл китепке өсүмдүктүн 65, курт­кумурсканын 18, канаттуунун 33, сүт эмүүчүлөрдүн 13, балыктын 2 түрү киргизилген. Алардын ичинде өтө азайып же жок болуп бараткан анардын байыркы сорту, мандалактын сейрек учуроочу түрү, бүркүт, шумкар, аюу, элик, марал, илбирс ж.б. бар.

–  Баткендин “Айгүл тоо” тоосунда “Айгүл” деген өтө кооз гүл өсөт. Мындай гүл Кыргызстандын башка жеринде өспөйт, атүгүл дүйнө жүзүндө эки гана жерде – Канадада жана Афганистандын айрым жерлеринде гана өсөт экен. Илимде бул гүл “Рябчик Эдуарда” деп аталат. Ай тийип турган учурда гана гүлүн ачат. Уругу менен көбөйүп, жети жылдан кийин өсүп чыгат, дагы 7 жылдан кийин бир гүл, кийинки жылы эки, ошентип жыл сайын бирден гүл кошуп турат. 28 гүл ачкан “Айгүл гүлүн” көргөндөр болгондугун айтышат. Апрель-май айында гүлдөп, аны көргөн адамдар бактылуу деп эсептелишет.

–  Марко Поло жана Карелини аркар-кулжасы Кыргызстанда гана эмес бүткүл дүйнө табиятында да сейрек кездешет. Алар Ак-Сай өрөөнүндө байырлашкан. Мындагы “аркар оту” деп аталган чөп дагы сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдөн.

–  Жергиликтүү кыргыз жылкысы менен дон жана таза асыл тукум минги жылкыны аргындаштыруудан биринчи жолу 1954-жылы жаңы кыргыз жылкысы алынган.

–  Жүгөрүнүн “Манас” деп аталган гибриди Кыргызстандан башка эч бир жерде жок. Биздин шартта 200 центнерден кургак дан берет. Бул дүйнөлүк рекорд болуп эсептелет.

–  Республикада африкалык төө куш (страус) өстүрүүнү биринчи баштаган Үркүнбек Жуматаев. Ал Панфилов районунун Вознесеновка айылында төө куш фермасын түзгөн. Төө куш бир жылда эле 90-110 килограммга жетет. Жылына 80дей жумуртка тууйт, жумурткасынын салмагы 2,3-2,8 кг. 30-35 жыл жашайт.

–  Гезиттик маалымат боюнча 1997-­жылы Нарын облусунун Ташбашат айылынын тургуну Төлөбай Мамбетовдун койу бөтөнчө козу тууган. Анын бир капталында “Алла”, экинчи капталында “Мухаммед” деген жазуу болгон. Бирок козу узак жашаган эмес. Ушундай эле жазуусу бар козу 2006-жылы январда Курман айт учурунда Бишкектин Актилек конушунда жашаган Абдибахап Матубраимовдун үйүндө да туулган.

–  Ош облусунун Карасуу районундагы Жоош айыл өкмөтүндө жергиликтүү фермер К.Карабаев койдун “кактус” деген породасын көп жылдык селекциялык иштердин натыйжасында алган. Негизинен кызыл түстүү, жүнүнүн узундугу 17-25 см, башка тукумдагы койлордон салмактуу.

–  2005-жылдын июль айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Турсунбай Абдуллаевдин уйу эки баштуу торпок тууган. Ветеринария департаментинин билдирүүсү боюнча Ала-Букада ушуну менен экинчи жолу 2 баштуу торпок туулган.

–  1911-жылы Кеминде болгон жер титирөө 11 баллдан ашып, дүйнө тарыхындагы сейрек кездешчү табият алааматы болуп эсептелет экен.

«Полит Клиника» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*