Акын Карбалас Бакиров: Баш оорум ыр жаза баштагандан тартып токтоду…

Карбалас акынды кимдер билбейт? Ырларында чексиз мейкиндикти даңазалаган, адам жанынын эркиндигин баарынан бийик койгон акындын ырлары өзүндөй сейрек.

-Карбалас агай, акын үчүн акындык тагдыр сөзсүз керекпи? Сиздин өзүңүздө ошондой акындык тагдыр барбы, кандай деп ойлойсуз?
-Суроолордун суроосун бердиң го… Тагдырды адам өз колу менен жасап албайт. А акындын тагдыры болсо анын ырлары аркылуу белгилүү болот. Ар бирибиздин тагдырыбыз асмандагы кишинин колунда тура… А бирок акындар үчүн сөзсүз башкачараак тагдыр керек. Орустун улуу жазмакери Лев Толстойдун айтканы бар: Адамга кыйынчылык дагы эң керек, ал кыйынчылыктар адамга жакшылыктарды жаратууга түрткү берет». Анысы кандай, менин да тагдырымда өзгөчө элес калтырып, басып өткөн жылдарымдын баарынан да салмактуу сезилген төрт жыл бар. Ал жылдарды мен Сибирде өткөрдүм. Ал жакка 1986-жылы кетип, 1990-жылдын декабрында кайтып келдим. Ошондогу чексиз талаалардын, түбү жок сезилген мейкиндиктин салмагы дале ийинден зылдай басып тургансыйт. Бирок анын да жакшы жактары болду, ал жактан орус адабиятын казып окуп, окуган соң мурдагыдай шатыратып көп жазууну токтоттум. Мамлекеттик сыйлыкты алган, түрмөдө эки-үч жолу отурган орустун Ярослав Смеляков деген акыны Назым Хикмет менен сүйлөшүп калганда Назым ага мынча китеп чыгардым деп айтып калат. Ошондо Ярослав Смеляков абдан таң калган экен, силердин түрмө жыргал тура анда, олтуруп ыр жазганга шарт түзүп берген, мен өмүр бою ыр жазууга чолоом тийбеди деп кейиген тура. Смеляковдун айтканы бар, «эгерде мен бир китептен бир жакшы ырды тапсам, ошол китепке 4 коем» деп. Сибирде жүргөндө Алайлык Алмаз деген жигит мага мындай деди: «Түрмөгө түшкөнүм жакшы болгон тура, эгерде мурдагыдай Алайда тоолордон чыкпай дүкөнчү болуп жүрө бергенимде жашоо эмне экенин билбей калмакмын». Мен үчүн да түрмө кийинки жашоом үчүн эң жакшы таасирин берди. Ал жерде ачык жерде жашачубуз, быякта 100 рубль айлык алсам, ал жерде маянам 500 рубль эле. Маянамды алган сайын, толтура китеп сатып алчумун. Кийинчерээк Красноярскиге көчүп келдим, тилекке каршы китептеримдин көбү ошол жакта калып кетти. Деги эле мен айтар элем, жакшы акындын бир эле китеби, ал китептин да ичинде аз эле сандагы мыкты ыры болот. Ыраматылык Салижан Жигитовдон интервью алганымда ал мындай деген эле: «Менин 31 эле ырым бар». Менин үч эле китебим чыкты. Кыргыз адабиятынын тарыхына кайрылчу болсок Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликовдор жүздөп китеп чыгарышкан, бирок ошол жүздөгөн китептердин ичинде мыкты ырлар саналуу гана.

-Сибир жери эмнеси менен жакты да, эмнеси менен жакпады?
-Ал жактын суугу катуу деп ойлойбуз, бирок ал жакта суук 50 градуска жетип турса да, кандайдыр бир жумшак, үшүтпөгөн суук болор эле. Анын себеби, эки метрге чейин жеткен калың жааган кардан улам болсо керек деп ойлоймун. Ал жакта үшүгөндү билген эмесмин. Сибирде түркүн улуттар жашашат. Ошол түркүн улуттардын аксакал кишилери мага «сен ата-баларыңдын каны тартып, бизге келген турбайсыңбы» дешкендери эсимде. Ал жактын жер аттары да биздикине окшош. Мисалы, Алтайда Атбажи, Чүй, Ак-Топурак деген жерлер бар.

-Акындык өнөр сизге кимдерден өттү деп ойлойсуз?
-Атамдын атасынын акеси айылда төкмө акын болгон. Өзүм 5-6-класстардан баштап, ыр жазып калчумун. Үйдө менден башка да Бакиров Мусурманкул деген менден улуу агам ыр жазчу. Байкушум 24 жашында каза болуп калды. Кыргызстан студенттеринин фестивалында 1-орунду алган, өзү тубаса акын эле. Ошол агам айтып койчу: «бир үйгө бир акын жетишет, сен жазбай эле койчу» деп. Ошентсе мен тартынып, ыр жазбай калдым. Аскердик кызматты Киев шаарында өтөп жүрүп, үйгө келсем, агам каза болуп, бирок аны мага айтышпаптыр. Жүрүп, жүрүп акыры угузушканда, мен үчүн аалам аңтарылып, жер көчүп кеткендей болду. Катуу кайгыдан улам, алты айга чейин башым чыдатпай ооруп жүрдү. Кийин өзүнөн өзү ыр жаза баштадым. Ошол баш оорум ыр жаза баштагандан баштап гана токтоду.

-Артка кылчайып, кээ бир күндөргө кайгырган мүнөттөр болобу?
-Албетте, адам болгон соң өкүнбөй койбойсуң. Энгельс айтыптыр: «Мен 34 кө чыкканда мээмде көп деле акыл жок болчу, бирок күчтүү элем. Азыр 60 ка чыкканда, мээм толо акыл, бирок күч жок. Ал акылды пайдалануу үчүн 34 жаштагы эки Энгельс керек».

-Кайсы кыйын акындар менен тагдырлаш болдуңуз?
-Кыргыз поэзиясында чагылгандай бир жарк деп өткөн Тургунбай Эргешов менен замандаш болдум. Мен студент кезде жатаканама көп келчү. Ал да, мен да ырларды жатка окучубуз. ..

Тургунбайды мен орустун улуу акыны Николай Рубцовго салыштырам. Ошол Рубцовдун да жашарга үйү, жазарга үстөлү болбоптур. Тургунбай да ошондой жашоодо жашап, мыкты ырларын жаратып кетти. Тургунбай акенин мага жазган ыры бар эле:

Жаның болсо жата калып тыңшасаң,
Жатат аалам сени, мени чакырып.
Колоттогу коендорду коркутуп,
Кыраңдардан кыйкырып жүр Бакиров.

Эрнис Турсунов тамашалап калат: «Тургунбай ошондо эле сенин коендорду коркуткан акын болоруңду билген экен» деп.

-Сизге эркин микрофон?
-Мен сөзүмдүн акырында, бул жарыктан кырчындай жапжаш курагында өтүп кеткен агам Мусурманкулдун «Жүрөк» деген ырын окуп берсем.

ЖҮРӨК

Акылда азоодой туйлаган,
Бакытты, азапты жыйнаган,,

Бир туруп таң болуп теңдешсиз,
Бир туруп баладай ыйлаган.

Тутантып сүйүүнүн учкунун,
Ойлордун ойлонтуп учкулун.
Шамшардай шарт этип чабылып,
Тоо бузуп мокоткон курчтугун.

Махабат көлүнө чөмүлткөн,
Магдыроо кыялга эриткен.
Кезинде канатчан сапарлап,
Тордогу шумкардай эриткен.

Балалык эркине койбостон,
Наристе сезимди ойготкон.
Кызыктуу ойлоруң экран,
Кыздарды каректе ойноткон.

Үзүлгөн үмүттү улаган,
Багытын башкарган бурамам.
Алсыз да азапка чыдамсыз,
Алдуу да азапка чыдаган…

Назгүл Осмонова, “Обон”, 02.03.2013-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*