Комузга жан, күүгө тил киргизген Атай

Atai«Кыргыздан чыккан булбулду,
Ким билбейт Атай кургурду?»- демекчи, Атай Огомбаев ырлары менен тарыхта калган инсан. Калктын калы
ң катмарына кара аттын кашкасындай таанымал, искусство айдыңында из калтырган инсандын өмүр жолуна, чыгармачылыгына кайрылууну туура таптык.

«КОЛУНДА СӨӨК ЖОК ЭКЕН ДЕСЕМ, БАР ТУРА…»
Былтыр журналисттик сапар менен Пекин шаарына барып калдык. Кыргыздардын атынан Кытайда Атай Огомбаевдин «Эсимде» аттуу ырын ырдаганбыз. Азыр байбичелер да «Гангнам стайлга» бийлеп калган заманда «Атай ким десе?» билбеген жаштарыбыз бар. Андыктан кепти анын эл оозунда калып кеткен ырларынан баштайлы. Ырчылар аткарып жүргөн «Күйдүм чок», «Эсимде», «Ой, булбул», комузчулар аткарган «Маш ботой», «Камбаркан», «Кыз кербез», «Кара өзгөй» күүлөрү Атай Огомбаевге таандык. Комузчулар эң жакшы билген «Саадак какты» аттуу тарыхый күүсү чоң баага арзыйт. Анткени Атай жаасынын огу түгөнүп, жан талаша саадакты каккан жоокердин жандуу элесин ушул күү менен берген.

Кыргыздын улуу композитору 1900-жылы туулган. Жетимдиктин запкысына басылып калбай, ошол кездеги залкарлар Токтогул, Эшмамбеттен сабак алган. Кийин борборго келип, Атай кесиптештери Муратаалы, Карамолдо, Ыбырай, Чалагыз, Калык менен дирижёр Пётр Шубин уюштурган азыркы К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде комузда ойнойт. Шубин Атайдын тубаса талантына таңдана: «Атай нотаны билбейт, оркестрде музыканы угуу менен ойнойт. Мен Атайга өмүрүндө тааныш эмес жаңы күүнү же ырдын обонун роялда ойноп берсем, ал ошол замат аны комузда кадимкидей аткарып кетчү»,- деп жазган.

Атай москвалыктардын оозун кандайча ачыргандыгы тууралуу кеп да көп айтылып келет. Декадага Москва шаарына барган Атай Огомбаев сахнага чыгып күүлөрүн чертет. Бир убакта эле жанында столдо турган бычакты ала салып комузда бычак менен күү ойноп баштаптыр. Сый орунда отурган Сталин көрө салып кол чаап жиберген дешет. Зал дүркүрөтүп коштоп, кийин Сталин Атайдын колун кармап көрүп «сөөк жок экен десем, бар тура…» деп таңданыптыр. Сталин өз атынан Атайга белекке үч коробка күмүш кашык, 50 миң сом берет да, өмүр бою ала турган Сталин атындагы стипендия дайындайт.

Атайдын жеке тагдырына кайрылсак, ал үч аял алыптыр. Айтылуу «Күйдүм чокту» Седеп аттуу кызды сүйүп, бирок жетпей калгандыктан чыгарган экен. Биринчи зайыбы Жумагүл, экинчи аялы Шайымкан, үчүнчү аялы Орунбүбү деген айымдар. Кыргыздын залкар инсаны 1949-жылдын 20-декабрында көз жумат.

«Калкыңды катуу кейитип,
«Кайраным Атай» дедиртип,
Мынчалык неге эртелеп,
Кош айтыштың биз менен?»- деп замандаштарын жоктотуп, кыргыздын дагы бир булбулу кете берген. Бирок артында өлбөс, өчпөс ырлары, күүлөрү калды.

«АТАЙДЫН НЕБЕРЕСИ ДЕСЕ АПТЫГЫП КАЛБАЙЫН ДЕП КОМУЗ ҮЙРӨНГӨМ»

Атай Огомбаевдин бир тууган инисинин уулу КЫРКЖИГИТ мырзанын оозунан да бир топ кызыктарды уктук.

– Саламатсызбы, чоң атаңыз тууралуу кеп козгосок деп турам…
– Чоң атам Атай Огомбаев Талас районундагы Көк-Кашат айылында жарык дүйнөгө келген. Чоң атабыз Абайылданын Султанаалы, Огомбай жана Тууганбай деген үч уулу болуптур. Огомбайдан 2 уул, 1 кыз калган. Алар: Атай, Анапия жана Бектен. Мен Бектендин уулумун. Огомбай чоң атабыз дүйнөдөн кайтканына 3 ай болгондо эле чоң апабыз Күңөтай да көз жумуп, 6 жашында томолой жетим калып, Атайды Огомбайдын бир тууганы Султанаалы асырап алат. Айылдагы карыялардын көркөм сөз менен шөкөттөлгөн элдик уламалары аны куштарлантып, айылдык комузчулардын майда күүлөрү талантын ташкындатып ачканга өбөлгө түзөт. 1932-жылдары Кетмен-Төбөгө барып, бир жылча Токтогул Сатылгановду жандап ырдап жүрөт.

– Канча уул, канча кызы болгон?
– Атайдын 3 уулу, 3 кызы болгон. Улуусу – Үрүятбек, 1932-жылы төрөлгөн. Андан кийинкисинин аты – Декатбек, 1939-жылы жарык дүйнөгө келиптир. Ал эми эң кенже уулу 1945-жылы туулуп, атын Улуу Жеңиштин урматына Нуржеңиш атаган экен. Тилекке каршы, 3 уулу тең жаш кезинде бул дүйнө менен кош айтышыптыр. Ал эми кыздары Саадат, Саадакан жана Саясат. Азыр биз жашап жаткан үйдүн жанындагы короо-сарайдын ордунда мурда 3 бөлмөлүү үй болгон экен. Мына ошондо Атай чоң атабыз жашаптыр.

– Атай Огомбаев кандай адам болуптур, мүнөзү кандай экенин атаңыз айтып берчү беле?
– Мен аны өзүм көргөнүм жок, атам Бектендин айтымында, шайыр, куйкум сөздүү, анча-мынчаны чүнчүтүп, баскан-турганын жамактап ырдап жиберген, чукугандай сөз тапкан, бетке айтар адам болуптур. Чоң атам менен атамдын ортосу болгону 6 гана жаш. Анан экөө бирге өсүп, ар дайым чогуу жүргөндүктөн, атам ал тууралуу көп кызыктуу окуяларды айтып берчү эле. Атамдын айтымында, куйма кулак киши болгон экен. «Азыр укканын кайра эле ошол замат кайталап, комузга салып безеленткенде комузга жан, кылга тил киргизгендей болчу» дешет.

– Сизде ал кишинин өнөрүнөн барбы?
– Мен ал кишидей болуп чоң комузчу боло алган жокмун. Кыргыздарда бир жерге барсаң «кимдин уулусуң, тегиң ким?» деп сурашат. Анан сүрүштүрүп сураштыра келгенде эле Атайдын небереси болуп чыга келем. «Ой, сенде кантип чоң атаңдын өнөрүнөн болбосун, бар да сөзсүз түрдө» деп калышат. Анан «бар» десең сөзүңдү далилдеш керек болот. Ошондуктан комузда 5-6 күүнү чертем.

– Келечекте Атайдын атын дагы даңктоочу кандай максаттарыңыз бар?
– Жакшы ой-максаттар бар. Анын бири – Атай атындагы фонд ачсамбы деп пландап жатам. Кудай буйруп, бул иш жүзүнө ашып калса, жылына бир жолу жаш таланттардын арасында жогорку деңгээлдеги сынак өткөрүлөт. Ошондой эле ал инсанды билгендердин, уккандардын оозунан кызыктуу маалыматтарды чогултуп, өмүр жолунун, чыгармачылыгынын видеоверсиясын даярдайын деп максат кылып жатам. Мындан тышкары Бишкек шаарына да эстелик тургузуу башкы пландардын бири.

– Таласта Огомбаев атындагы мектеп жана музей да бар эмеспи. Бирок музей учурда аталган мектептин мугалимдеринин усулканасынын милдетин аткарып, кейиштүү абалда экен. Бул боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат же жүргүзүлөт?
– Ооба, ал мектеп алгач 8 жылдык Октябрь атындагы мектеп болчу. 1987-жылы чоң атамдын 90 жылдыгында ал мектепке ушул инсандын ысымы ыйгарылып, ал эми жанындагы музей 100 жылдыгына арналып 2000-жылы курулуп, 2001-жылдан тарта ишке берилген. Бирок, өзүңүздөр көргөндөй, бүгүнкү күндөгү абалы шартка байланыштуу кейиштүү болуп турат. Шартка байланыштуу дегеним, мектептин имараты чакан болгондуктан, ошол жерде иштеп жатышат. Бирок жакында жанындагы мектептин имараты толугу менен курулуп бүтсө эле кайрадан музейди оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ичиндеги экспонаттар толукталат.

– Учурда үйдө чоң атаңыздын колдонгон өздүк буюмдары барбы?
– Тилекке каршы, жок. Бар эле, бирок филармониянын алдында 90 жылдыгына арналып ачылган музейине бир топ өздүк буюмдарын тапшырганбыз. Ал жерде комузу, тебетейи, кемер куру бар.

atai2

Гүлназ Атантаева, Нуржамал Жийдебаева,
“Супер-инфо”, №554
, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*