Меңди Мамазаирова: «Карыганга убакыт жок»

mamazairovaБиз журналисттер Меңди эжеден маек аларда көбүнчө аны дүйнөдөн эрте кеткен кыргыздын айкашка акыны Жолон Мамытовдун жубайы катары гана карап, ушул темага гана басым жасап калабыз. Албетте, улуу акындын махабаты, жары болуп аны менен бир үйдө өмүр кечирүү өзүнчө чоң тема, чоң бакыт. Бирок ошол эле учурда Меңди Мамазаирова адабий жанрдын бардык түрүндө бирдей иштеген көп кырдуу калемгер. Андыктан биз бул жолу маектешибизди жеке чыгармачыл инсан катары сөзгө тартканга аракеттендик. Бирок эже өз сөзүндө улуу талант Жолон Мамытовдон да кыя өткөн жок.

— Меңди эже, адабияттын ар түрдүү жанрына кантип аралашып калдыңыз?
— Сөздү алыстан баштайлы. Жолон экөөбүздү ыр, чыгармачылык бири-бирибизге умтулткан. Экөөбүз ата-энелерибиздин каршы болгонуна карабай качып кетип үйлөндүк. Ал экөөбүздүн ортобузда не деген терең тагдырлар, кайгы менен капа, көз жаш, шор, анан албетте өзүбүздүн сүйүүбүзгө жеткен кубанычтуу романтикалар өттү. Кайгы менен капа, көз жаш, шор дегеним — Жолон экөөбүздүн ата-энелерибиз биз үйлөнөбүз дегенге чейин катташып турган анча деле алыс эмес туугандар болушкан. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү угушканда менин апам «Мамыттын баласы Гагарин болуп кетсе да кызымды бербейм» деп, Жолондун апасы «силердин кызыңарды албайбыз» деп, айтор эки тууган ызы-чууга түшүп, биз качып кетип үйлөнүп алып, жаш болгондуктан андан аркы турмушубузду түздөп кетиш оңой болгон жок. Ал кезде айылыбыздын сулуулугу да башкача эле. Төлөйкөндү жарып өткөн Ак -Буура дарыясы, анын эки тарабында алоолонгон өрттөй кызгалдактар. Баса, жийде гүлдөгөн учуру да өзүнчө керемет. Жаздын толукшуган айларында айылыбыздан шаарга баратканда же шаардан барганда дүйнө жүзүндөгү эң кымбат деп саналган француз атырынан да укмуш жийдебурактын жыты аңкып узатып же тосуп алат. Жолон экөөбүздүн тең сулуулукка, көркөмдүккө умтулуп калышыбызга айылыбыздын керемет табияты таасир этсе керек. Ал экөөбүздү бири-бирибизге поэзия жакындатты, поэзия кошту. Бирок мен Жолонго турмушка чыккандан кийин өзүмдүн чыгармачылыгымды токтотуп койдум. Ал менин мындай чечимиме катуу каршы болуп, жаз деп жүрдү. Ошондон улам бала-чакалуу болуп түйшүккө басылсам да, чыгармачылыкка болгон ышкым өчпөй калса керек. Мен катуу күйүнгөндө же сүйүнгөндө ыр, ал эми жай турмушта повесть, аңгеме, ал эми жашоонун жан сыздаткан драматизмдерине туш болгондо драма жазып келем.

— Сиз үчүн Меңди Мамазаирова деген ким?
— (күлүп) Биринчи аты-жөнүмдүн чечмеленишине токтоло кетейин да, ээ? Илгери таенем бала төрөлгөндөн кийин анын кебетесине карап ат койгула, «жаман иттин аты бөрүбасар» дегендей бардыгын эле Манас, Семетей же Айчүрөк деп кое бербегиле деп калчу экен. Мен төрөлгөндө желкемде, анан төбөмдө бармактай болгон меңим бар экенин байкашат. Аны көргөн кошуна апалардын бири анары бар турбайбы деп атымды башында Анар коюшуптур. Бул кезде согуш чыгып кеткен жылдар экен. Бир аз убакыттан кийин таенем келип мени көрүп «Ой, бул кыз аты менен төрөлгөн турбайбы. Кудайым атын өзү коюп бериптир. Аты Анар эмес, Меңди Айым болсун» деген экен. Кийин паспорт алганда Айымы алынып салынып Меңди болуп калдым. Негизи жогоруда айткандай, таенем баланын атына заты, же тескерисинче затына аты жараша болоруна өтө маани берген киши болгон. Апамдын Анар деген атын Меңди деп өзгөртүп койгондун эмне айырмасы бар дегенине «Кудайым бул кыздын желкесине меңди бердиби, демек ошого жараша ырыс-кешигин, бак-таалайын, тагдырын кошо берген, аны өзгөртүүгө болбойт» деп койгон экен. Ал эми Мамазаир өзүмдүн атамдын аты. Негизи мен сөзсүз түрдө көркөм сөздүн ээси болушум керек эле. Себеби атам Мамазаир басса-турса оозунан ыр куюлуп, жомок айтып, өз алдынча, турган турушу менен чоң театр болгонун китептеримде жаздым.

— Балалыгыңыз согуш жылдарына туш болгон тура. Ал доор кандай өттү?
— Мен төрт уулдун арасында өстүм. Чынында аябай чакчаңдаган, эркек мүнөз, каалаганын жасаган, хандан-бектен кайра тартпаган мүнөзүм бар эле. Атам менен апам мени эркин өстүрдү. Ошондуктан азыр өз чыгармаларымда да ойлорумду эркин айтып жүрөм деп ойлойм. Бирок ошол эле учурда кыз бала кандай болору тууралуу чоң тарбия алдым. Меңди деген биринчиден, таенесинин тарбиясын алды. Жүн тытты, сайма сайды, жип ийриди, тери кармады, өрмөк сокту. Апам чоң бычмачы эле. Мен 6-7-класстан баштап өмүр бою азыр элге таанылып калган бычмачы кызым Айгерим окуусун бүткөнчө өзүмө, балдарыма кийимди өзүм тигип келдим. Таенем менен апам биринчиден ургаачынын наны жакшы болуш керек деп мени кенедейимен камыр ийлетип нан жасаганга үйрөттү. Аялга тиешелүү бардык жумуш колумдан келет десем жаңылбайм. Албетте, андай кызды элдин көзү тез көрөт эмеспи. Чоңое баштаганымда ар жактан жуучулар келе баштап, мен тултуңдап, окуйм деп өз алдымча документтеримди даярдап Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы мектеп-интернатына которулуп кетип, карыш турган жерден көгөрүп бир ай үйгө барбай коюп окудум. Мектепти жакшы бүтүп университетке өз күчүм менен өтүп, студенттер арасында ар кандай иш-чараларды уюштуруп, жаштардын алдыңкы катарында жүрдүм десем болот. Демилге көтөрүп студенттер менен Аалы Токомбаев, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу дөө-шаа жазуучулардын жолугушууларын уюштуруп турчубуз. Ошондой күндөрдүн биринде Төлөгөн Касымбеков агайыбызга адеп ар кандай суроолорду берип, сындап атсам ал «деле тилиң тикенектей болгон кыз экенсиң, өзүң да бир нерсе жазасыңбы?» деп калды. «Ыр, аңгеме жазып жүрөм» дедим мен. Ал чыгармамды сурап, аз өтпөй эле 1963-жылы «Самат, мен сени издеп келдим» деген чакан аңгемем «Ала-Тоо» журналына жарыяланып калыптыр. Ой, ошондогу көпкөндү айтпа! Журналды кармап алып эле эки жакты карайм. Элдин баары эле мен тууралуу сөз кылып атышкансып. Үчүнчү курс элек. Аңгемем журналдын август айындагы санына чыкты. Анан курсташтар сентябрь айында поюз менен айыл чарба жумушуна пахтага баратып суусундук, май токоч, таттуу алып биринчи ийгилигимди жууганбыз. Менде кийин ошондогудай кубаныч эч качан болгон жок. Ушул окуядан кийин мен чыгармачылыкка чындап баш коюп калдым. Бирок жогоруда айтып кеткендей Жолон экөөбүз үйлөнгөндөн кийин бир үйдөн бирөөбүз гана калем кармайлы деп мен чыгармачылыктан баш тарттым.

— Баш тартканыңыз менен деле биртоп чыгармаларды жазып келген экенсиз. Мисалы, Жолон агай менен жашап жаткан учурда алты китебиңиз жарыкка чыгыптыр…
— Азыр Жусуп Баласагын аталып калган, кадимки КМУну бүткөн улуу муундар ортосунда бири-бирине болгон камкордук бар эле. Тактап айтканда, мурдарак бүтүп ар кандай кызматтарда иштеп жүргөндөр өздөрүнүн артынан университетти бүтүп жаткан тың, иштеп кетерине көзү жеткен улан-кыздар үчүн камкордук кылып жумушка тартып кетер эле. Мени Камбаралы Бобулов агай КТРге сунуштап жумушка орноштурган. Бирок кийин айылга барып мугалим болуп иштегенге туура келди. Тактап айтканда, журналисттик ишмердик менен кошо бала-чакадан бошой калганда жаза коюп, «Нөшөр», «Саламатсыңбы, Күн!», «Туулуп өскөн үй», «Ак канаттуу чабалекей», «Жайдын эң ысык күнү» деген аңгеме, повесттерден турган китептерим жарык көрдү. Негизи мен өзүмдүн прозаларымдын ичинен жеткен чегим «Турумтай» романым болду деп эсептейм. Турумтай дагы согуштун азабын көргөн эне эле. Бул тууралуу калемдештер «Айтматовдун Толгонайынан кийин согуштун азабын тарткан эненин образын батынып жазыш кыйын эле, аны сен жаза алдың» деп айтып жүрүштү.

— Мен сиздин чыгармалары-ңызды эки этап менен карап көрдүм. Байкасам Жолон Мамытов агай менен жашай баштагандан ыр жазбай кара сөзгө, драмага оопсуз. Жолон агай каза болгондон кийин ырга басым жасай баштагандайсыз…
— Жокем өткөндөн кийин «Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик» деген ыр жыйнагым жарык көрдү. Тоом кулады. Чиедей балдар менен жесир калдым. Анан албетте күйгөн катын кошокчу дегендей, кошок ырлар жазыла баштады. Эгер Жокем болгондо анын жанында даап ыр жаза алмак белем? Жаш болсом да Жолондун поэзиясынын күчү кандай экенин түшүнчүмүн. Канткен менен бир үйдө жашасак, бир жерде басып турсак саптарыбыз аралашып, мүмкүн мен анын таасиринен чыга албай, же ал, же мен иштей албай кыйналып калабыз дегендей ой келген. Ошондуктан башында эле ага «Жолон, мен сенин биринчи окурманың жана редакторуң болоюн. Мен балдарды талаптагыдай тарбияласам болду» дегем. Бирок ал «Меңдушка, сенин поэзияңда кандайдыр бир өзгөчөлүк бар, жаз» деп келди. Биз алгач айылга барып мугалим болуп беш-алты жылдай иштедик. Ошондо мен балдардын дептерлерин текшерип жатып ар жерге ыр жазып койчу экем. Жолон өзү Москвада окуп жүргөндө бир күнү үйгө келип менин ошол ырларымды таап алып, аны байкатпай өзү чогултуп, тандап, Ош радиосуна Шарапат Турдакунованын окуусунда жаздырып коюптур. Бир күнү эле «Меңдушка, Ош радиосун бир угуп койбойлубу» деп ырымды угузганы эсимде. 10 мүнөттүк поэзия мүнөттөрүн даярдаткан экен. Жолон каза болгондон кийин жогоруда сөз болгондой «Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик», «Энелер үнү», «Тур, улуу журт», «Элим ай» деген ырлардан, поэмалардан турган поэтикалык жыйнактарым жарык көрдү.

— Эми сиздин драматургияңыз тууралуу сөз кылсак. Бул жанрга качантан баштап кириштиңиз?
— Турмуштун жан сыздаткан драматизмдерине туш болгондо драма жазганга далалаттанам дебедимби. Мени коомдо аябай капа кылган бул ичимдик болду. Ичимдик деген нерсе биртоп адамдын тамырын кыркарын, кууратарын түшүндүм. Ичимдикке болгон аябай чоң каршылыгым аңгемелеримде да, прозаларымда да, анан албетте драмаларымда да айтылды. Мисалы, «Аппак аял Айдай кыз» же «Бахустун ак көйнөгү» драмамда ушул маселе курч көтөрүлдү. Кийин ушул теманы режиссерлор элге жеткире албай калбасын деп повестке айландырдым. «Наристеге арналган хризантема», «Кымгуут түшкөн бир кечте», «Бедел» аттуу драмаларымдын айрымдары коюлду. Жакында «Үй камагы» аттуу драмамды бүттүм. Негизинен мени драматургияга кызыктырган Бексултан Жакиевдин чыгармачылыгы болду. Ал убакта спектаклдер укмуш өтчү. Эл дуулдап, залга батпай калар эле. Университетте окуп жүргөн кыздар «Атанын тагдыры» спектаклин бир нече жолу келип көрдүк. Жашыктарыбыз согуштун балдары болгондуктан ал спектаклди көргөн сайын Акылбектин тагдырына боорубуз ооруп ыйлар элек. Баса, бир жолу спектаклден кийин эл авторду сурана баштаганда сахнага чачы капкара, узун бойлуу, кара көздүү татынакай жигит чыгып келди. Ал Бексултан Жакиев экен. Ошондо мен аны «өзү жакшынакай эле киши экен, эмнеге Акылбектин тагдырына боору ооруган эмес, таш боор экен да» деп жаман көргөм.

— Меңди эже, быйыл жетимишке келипсиз, бирок чынында эле жаш көрүнөсүз?
— (күлүп) Карыганга убакыт жок. Мен эч кандай диета сактабайм. Эч кандай дары-дармек ичпейм. Болгону күнү-түнү эмгектенем. Мейли чыгармачылыкта болсун, мейли жөн-жай турмушта болсун жаны тынбаган адаммын. Экинчиден, кимдир бирөөлөргө душмандыгым жок. Бирөөгө кара санабайм. Ийгилигине күйүнбөйм.

— 70 жылдык мааракени кантип белгилегени турасыз?
— Чыгармаларымдын тандалмаларын даярдап жатам. Буюрса аны күркүрөгөн күздө элиме тартуулайм.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”) 14.06.2013-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*