Кыргызча сөздүктөр

glosbe

Кыргыз тилин өнүктүргүсү келгендерге интернетте жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Glosbe сайтында дүйнө жүзүндөгү 2149!!! тилдер үчүн жуп тилдүү сөздүктөрдү түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, Кыргыз — Serbian, же Keiga — Кыргыз сөздүгүн.

Бул сөздүктөрдү түзүүгө катышыш үчүн сөзсүз эле академик, же доктор болуунун зарылчылыгы жок. Тиешелүү тилдерди жакшы билсең эле болду. Бир гана алгач катталыш керек.

Кандайдыр бир денгээлде бул сөздүктөрдү жасоого катышуу Уикипедияга макала жазгандай эле. Каалаган адам катыша алат. Ушуга байланыштуу сапаты боюнча да суроолор болушу мүмкүн. Канчалык деңгээлде котормолору туура киргизилди, адамдын билим денгээлине байланыштуу. Бирок ишти баштагандан көрө, аны оңдоо жеңилирээк эмеспи.

Эгер аталган веб-булактагы сөздүктөр түзүлсө, бул канчалаган адам үчун пайдалуу болот эле. Анткени бир жерден бардык керектүү тил сөздүктөрүн табат элең.

Баса, кыргыз тилине байланыштуу айрым сөздүктөр Glosbe сайтында түзүлө башталыптыр.

Темирлик

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*