Кыргыз тилин кыргыздар бузууда…

kt_talkuu

Биз кыргыз тилин башка улуттар эмнеге үйрөнбөйт деп өпкөлөсөк өпкө казанбактай. Ошол эле учурда кыргыз тилин кыргыздар кантип бузуп жатканына маани бербейбиз. Ушул максатта “Жаңы Агымдын” алдында эркин эксперттер кеңешин түзүп, адабий тилдин айрым маселелерин арай-чарай талкуулап турсакпы деген ойго келдик. Бу топко киргенге Анатай Өмүрканов, Алым Токтомушев, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Акбар Рыскулов жана Эсенбай Нурушев макул болушту. Өткөн жумадагы алгачкы талкуу-таңашка Анатай, Алым, Шайлообек агалар айрым себептерден улам катыша алышпады. Ал эми катышкандардын ой-пикирлери алдыңыздарда. Белгилей кетчү нерсе, бул топтун ишине тилчи-окумуштуулар, дегеле кыргыз тили үчүн күйгөндөрдүн ою, сунушу үчүн редакция эшиги ачык.

А.РЫСКУЛОВ: – Эми тил деген жандуу дүйнө болот. Улам өзгөрүп, улам байып турат. Бу жерде эң башкысы тилдин тазалыгын сакташ абзел. Негизи сөздөрдүн баары үндөшүү мыйзамына баш ийиши керек. Жоон үндүү болгон жерде жоон, ичке үндүү болгон жерде ичке үндүү мүчө уланат. Биз ушул эң негизги мыйзамга баш ийбей жатабыз. Маселен, “революция” деген сөздө ичке үндүүдөн кийин жоон үндүү келип, тилдин ички мыйзамы тепсендиде калып жатат.

Т.КАЗАКОВ: – Бузулган сөздөр эми абдан көп, баарын бир отурушта айтып түгөтүү кыйын. Мисалы, “мен ойлойм” дегенди алалы, бу сөз айкашы кыргыздын байыртан келаткан сөзүндөй эле тилибизге сиңип баратат. Аскар Акаев ушинтип көп айтчу. Бул орустун “я думаю”деген сөзүнүн түздөн-түз которулгандагысы. Кыргыз тилинен элдир-селдир түшүнүгү бар адам минтип айтпаш керек. Менимче же менин оюмча деш керек. Азыр болсо президенттен баштап депутаттарга чейин баары эле “мен ойлойм” дегенге өтүп алышты. Саясатчыларга саясаттан мурда өзүңөрдүн тилиңерди оңдоп келгиле деген киши жок.

Э.НУРУШЕВ: – Туура айтасың,Түкө, “мен ойлойм” дегенден тышкары мен эсептейм, мен санайм, мен ойлоп атам, мен ойлоп турам, иши кылып, санай берсең итапкан чыгат. Мындайда кыргызча сүйлөм түзүлүшү түп орду менен бузулуп, буту башына карап калып атпайбы. Эң кызыгы – мындайды эрөөн-төрөөн алган дегеле эч ким жок.

Т.КАЗАКОВ: – Журналисттерге келсек, кыпкыргызы деле орусча ойлонуп калды. Ушунун айынан үрөй учурган сөздөр жаралып жатат. Бая күнү теледен “бул аймакта уйгур тегиндеги жарандар жашайт” деп атпайбы бир кабарчы. Эми “Ат-Башыда кыргыз тегиндеги жарандар жашайт” деп ким бирөө айтабы деги? Жөн эле кыргыз же уйгур деп койсо эмне болот?

Анан дагы “бутуна туруп кетти” деген бир бузуку айтым абдан көп айтылып, көп жазылат. Элестеткиле, бутуна тура албай жаткан мамлекетти кишиге салыштырсак, көмкөрөсүнөн же чалкасынан жаткан бирөө болот да. Бул да орус тилинен сөзмө-сөз которулган. “Встать на ноги” дегендин маанисин бере турган сөз кыргызда толтура. Оорудан сакайганды тыңып кетти, турмушун оңдогон кишини ирденди, байлык чогулткан адамды байыды деп эле коет. Мурда тилчилер тавтология, калька деп жинденип калчу эле, азыр анткен деле киши жок. Баары эле кадыреседей кабыл алынып жатат. Салижан Жигитов айткандай, биз маселенин түбүнө үңүлбөй, үстүндөгү нерсени эле кыркып жатабыз. Кыргыз тилин орус же уйгур келип бузуп жаткан жок, бардыгын өзүбүз талкалап жатабыз. Телевизордогу спорт баяндамаларын, гезит беттерин карасаң тим эле бир шумдук. Ошондон акыркы убактарда гезит бетин ачпай калдым. Биринчиден, ката көп, экинчиден, сүйлөм түзүлүштөрү өтө начар. Кыскасы, баш-аягы жок сүйлөмдөр кетип жатат.

Э.НУРУШЕВ: – “Манас” эпосунда мисалы, “Семетей бутуна туруп алсынчы, ошондо көкөңөрдү көрөсүңөр” маанисинде айтылган бир жер жок. Муну жомок-дастандардан, элдик акындардан, эч кимден таппайсың. Жагдайына, удулуна, маанисине жараша кыргыз ирденди, тирденди, тикеленди, өйдөлөндү, торолду, баралына келди, эрезеге жетти деп эле айтат. Бул аз келсе багалчеги катуу, кемелине келүү, боорун көтөрүү, борбую катуу сыяктуу каймана айтымдар бар. “Бутуна тура албай калыптыр” деп кыргыз ылжыган масты гана айтат. Орусча “взрослое население” деген да бар, муну эр жеткен же улгайган калк деп алып жүрүшөт. “Манаста” борбуйлуу калк делинет. Муну айтканда жарк этип кыргыздын жаны, жанары көрүнө түшүп атпайбы. Буга окшогон сөздөрдү көбүрөөк айтып-жазып, адабий тилдин айлампасына салуу керек.

Т.КАЗАКОВ: – Эл башында турган адамдар элге өрнөк болушу керек эле да. Өткөндө калаа башчысы Иса Өмүркулов “Токомбаева, Тыналиева, Рыскулова көчөлөрүн оңдойбуз” деп сүйлөп жатат. Аны угуп отуруп Бишкектеги көчөлөр жалаң эле аялдардын атынан коюлганбы деп калат экенсиң. Аларды көргөн жаштар анык кыргызча ушундай экен деп ойдо калып жатышпайбы. Эми орусча “улица Токомбаева” болсо биз дагы “Токомбаева көчөсү” деп калабызбы? Өкмөттөгүлөр “Бюджеттин доходный часты менен расходный частын регулировайт этип…”, “Программабызды утверждать эткенден кийин рабочий группа создавайт эттик…”, “Тендер абявит болгон…”, “Коррупционный схемалардын профилактический мераларын принимайт этиш керек…” деп тантыган бойдон бузулган тилдин дайрасында агып баратса, аларды телевизордон көргөндөр алды-алдынан тал кармагандын ордуна тигилерди туурап жатса… биздин чырылдаганыбыздан майнап деле чыкпайбы дейм. Анткени бузук тилдүүлөр көпчүлүктү түзүп калды…

А.РЫСКУЛОВ: – Дагы бир сөз айкашы туура эмес колдонулуп жүрөт. Эл жыкжыйма толгон кезде “алма түшөргө жер жок” деген сыяктуу сөздөр кадыресе колдонулуп жатат. Бул орустардын “яблоку негде упасть” деген сөз тизмеги. Кыргызча бут коерго жер жок, эл жыкжыйма, эл жүнүн жейт, эл кара таан, азан-казан деп айтылат го. Жаштар болсо бардык нерсени тез кабыл алышат. Ошондуктан аларды күнөөлөй бербей, өзүбүз үлгү көрсөтүшүбүз керек. Менимче, чоочун короого кирген эчкидей болуп сырттан келген, кыргыз тилинин мыйзамдарына туура келбеген сөздөргө каршы турушубуз керек.

Э.НУРУШЕВ: – “Айтып чыкты” деген дагы бир айтым чыкты. “Бул тууралуу баланча айтып чыкты, түкүнчө айтып чыкты” эле дей беришет, айтор, баары эле “айтып чыгат”. Айтып чыкканда бирөөнүн бөлмөсүнө же үйүнө кирип бирдеме айтып чыкканыбы, же башка маанидеги кеппи? Буга кошумча “демилге менен чыкты”, “билдирүү менен чыкты”, “кайрылуу менен чыкты” дегендери да бар. Кайрылуу менен чыкса, аны колуна кармап чыктыбы, чыкса кайда чыкты, иши кылып, башың маң болот. Көрсө, булар деле жанагы орусча “выступил с заялением, с обращением, с инициативой” дегендерден жасалган айтымдар экен.

А.РЫСКУЛОВ: – “Жатты” деген жардамчы этишти да ыксыз пайдаланчу болдук. Тамак ичип жатты, ырдап жатты, жазып жатты жана башка. Ойлонду же тамак ичти эле болот да. Анан жатканынын эмне кереги бар?

Э.НУРУШЕВ: – “Мүмкүнчүлүгү чектелген” дегенди да келмеден бетер көп айтышат. Кыргызда “кемтилге” деген бар. Бул дал эле ушул “мүмкүнчүлүгү чектелген” дегенге туура келет. “Манас” эпосунда, башка элдик чыгармаларда жүрөт. Кыргыз көп нерсени сылык мааниге өткөрүп туюнткан. “Инвалидди” “майып” деп которуп, чылпагын албай эле, көзүн оюп салгандай кылдык. Биздин тилде “чогонок” деген бар. Ошол эле инвалид дегенди туюнтат. Колдонсо болбойбу?

А.РЫСКУЛОВ: – Ушул жерден бир ырым эсиме келип кетти:
Кыргызга кыргыз тилдин кереги не?
Кызматта жарабаса керегине.
Билимдин бара албаса бийигине,
Илимдин кире албаса тереңине,
Кыргызга кыргыз тилдин кереги не?

Т.КАЗАКОВ: – Союз убагында дүйнөнү орустар аркылуу кабыл албадыкпы. Маселен, Азербайжандын борбору Бакыны – Баку, Тифлисти – Тбилиси, жадагалса Чолпон-Атаны Чомполата кылып жибербей аз жерден калдык. Анан эле кыргыздын “Ж” менен башталган сөздөрүнө “Д”ны жармаштырып келебиз. Джумагулов, Джалгасынова, Джалал-Абад жана башка. Орустар Жан Жак Руссо, Жан Маре, Жан Клод Вандам дегендерди “Д” кошпой эле айталат. Ошол эле бюджет деген сөздүн түп нускасында “д” жок да.

Э.НУРУШЕВ: – Көлдө жүрсөм бир кемпир “балам, шаардан келген окшойсуң, бир нерсе сурайын дедим эле” деп калды. Сураңыз десем, Бабанов астепкеге кеткен тура деди. Отставка деп отурбай, жаңкы байбичедей эле астепке деп койсок эмне болмок. Бөтөлкө, самоор, керебет дегендер деле ушундай усулда жасалган эмеспи. Айылдыктар компьютерди – кампутер, оффшорду – апшор деп эле айтат экен.

Т.КАЗАКОВ: – Кыргызда жакшынакай эле ташпиш деген сөз бар. Аны проблема деп жатпайбызбы. Проблеманы кайра көйгөй деп которуп жатабыз. Ушуга окшогон көп сөздөр бар. Тилибиз бай эле, кеп өзүбүздө.

Э.НУРУШЕВ: – Туура, биздин тилде, маселен, күн какты, суу какты, май какты өңдөнгөн нукура кыргыз жыттанган сөздөр бар. “Солнечный удар” дегенди кыргыздар күн какты деп айтышкан. Бүгүн муну “күндүн соккусу” деп которуп жүрүшөт. Май кактыны – обезжирить, суу кактыны – обезвоживание дегендин ордуна колдонсо эмнеге болбосун? Этти кургатканда кыргыздар суусун сарыктырган, майын агызган. Бу сөздөр ошондон чыккан.

Т.КАЗАКОВ: – Биз дайыма “кытай кыргыздары” дейбиз. Бир казак китебине “шынжаң казактары” деп жазыптыр. Биз деле ушул усулга салып, Кызыл-Суу кыргыздары дешибиз керек.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ, сүрөт автордуку,
«Жаны Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”)

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*