Кароосуз калган кыргыз киносу

28-майда Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында болду. Ал жерге комитеттин төрагасы К.Осмоналиев баштаган ЖК депутаттары, белгилүү кинорежиссерлор, киноактерлор, кинооператорлор, кыргыз киносуна кайдыгер карабаган адамдар, Өкмөттөн, Каржы министрлигинен өкүлдөр, журналисттер барышты.

КИНОГО АРТИСТТЕРДИ ЭМЕС, КИНОАКТЕРЛОРДУ ТАРТПАЙСЫҢАРБЫ?

Акаев кезинде баш-аягы жок менчиктештирилип жаткан кыймылсыз мүлктөрдүн ичинде союз кезинде курулган 50 кинотеатрдын 12си, мисалы, Бишкектеги “Жаштык”, “Локомотив”, “Ысык-Көл” жана жайкы кинотеатрлар менчиктештирилип кеткен. 2001-жылдын 2-октябрдагы №86 “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренеси боюнча кинематография уюмдарын менчиктештирүүгө тыюу салынган. Ошондон баштап, мамлекеттик мекеме болгон кинотеатрларды эч ким сатып ала албай, республика боюнча 38 кинотеатр калган. Айыл жериндеги айрым кинотеатрлар азыр ыйлай турган абалда. Кино тармагын колдоо үчүн бюджеттин 0,1% бөлүнүп берилиш керек болсо, 15 жылдан бери мыйзам бир дагы жолу аткарылбай келген. Жылына Жогорку Кеңеш мыйзамды өткөргөнү менен жылына Өкмөттөн киного берилүүчү акча берилбей, кыскартылып турган. Анын айынан 20 жылдын ичинде кино тармагы таптакыр аксап, көркөм жана документалдуу фильмдер тартылбай калган. Акыркы 2-3 жылдын ичинде гана бизнесмендердин колдоосунда кыска метраждуу фильмдер тартылып, элге тартууланып келатат. Союз кезинде жылына 4 ойнолуучу фильм, 24 документалдуу фильм, 3 анимациялык фильм тартылса, азыр дубляждан сырткары, бардык категориялар боюнча 8 фильм гана тартылат. Каражаттын жетиштүү бөлүнбөгөнүнөн материалдык-техникалык база дагы абдан эскирген, ал 60-70-жылдардагы абалды элестетет. Ал эми Россияда кино тармагына 6,5 млрд. рубль, бизче 10 млрд. сом бюджеттен жылына бөлүнүп турат. Ушуга байланыштуу ЖК комитетинин депутаттары Өкмөт мүчөлөрүнө суроолорду беришип, кабыл алынган мыйзам боюнча бюджеттин аткарылышын катуу талап кылышты. Маданият министри С.Раев кино тармагына кадрлар жетишпей жатканын, башка өлкөнү айтпаганда эле Россияда бир кинорежиссерду окутуу үчүн 35 миң доллар сарпталаарын айтты. ЖК депутаты Бөдөш Мамырова ага жооп кылып, кинорежиссерлор эч кандай кино жаатында билими жок, бирок артист болуп эстрадада ырдап жүргөндөрдү киного тартып, киноактерлук билими барларды кадр катары баалабай жатышканын айтты эле, киного тартылып жүргөн жаштар шатырата кол чаап жиберишти.

БҮЙҮР КЫЗЫТКАН “КУРМАНЖАН ДАТКА” КИНОФИЛЬМИ

Бирок уучубуз куру эмес экен, ушул тапта “Курманжан Датка” 2 сериялуу кинофильмин тартуу кызуу жүрүп жатат. Бул боюнча фильмдин режиссеру Садык Шернияз буларга токтолду: “Фильмдин 50%ы тартылып бүттү, калганына акча күтүп жатабыз. Акча жагы чечилип калса, фильмди ушул жылдын аягында бүтөбүз. Бул тарыхый фильм болгондуктан адамдар – каармандар жагынан да, көпчүлүк жагынан да көп тартылышты. Башкы каармандардын өзү эле 30га жакын, Курманжандын өзүн эле 5 адам аткарат. Курманжанды кичинекей кыз, андан кийин Элина Абай кызы, Назира Мамбетова, Жамал Сейдакматовалар аткарышат. Төрөлгөндөн Алымбек даткага күйөөгө чыкканга чейинки, Алымбек датка кайтыш болгондон кийинки орустар менен алака түзгөнү, Бухара, Кокон хандык эмираттарынын ичинде дипломатиялык, саясий мамиле түзө билгендиги чагылдырылат. Курманжанды 5 адам аткарып жаткандан кийин тарыхый каармандардын баары – Бухаранын эмири Музапар, Кокон ханы Кудаяр, генерал-губернатор Скоболевдер көрсөтүлүшү керек. Кинону тартууга 40 млн. сом бөлүнгөн, азыр 30 млн. сом бөлүнгөнү турат. Кинонун узактыгы 2 саат 15 мүнөт”. “Курманжан Датканы” тартуу идеясын берип, демилгени көтөргөн Жылдыз Жолдошева кинодо кыргыздын тарыхы чагылдырылганын, кыргыздын эркектери кыргыз аялдарын кандай сыйлагандыгын, укуктарын тебелебегенин, ошондуктан кыргыз элинен каныша айымдар чыккандыгын даңазалоо идеясы жаткандыгын, жакшы кино тартылганын көрүү үчүн элге үлгү катары Президент аялын ээрчитип алып келиш керектигин айтты Ж.Жолдошева. Статистика боюнча Кыргызстандагы 5 млн. калктын 3 миңи гана туруктуу кино көрөт. Калгандары анча кызыкпагандар. Калкты киного кызыктыруу үчүн мыкты фильмдер тартылышы керек. Бирок бул жагынан Кыргызстанда өсүш бар. Азыр кинотеатрларда жаштар батпай, кино көрүү жаатында кызыгуу пайда болду.

МАНАС КАЧАН КИНО БОЛУП ТАРТЫЛАТ?

“Курманжан Датка” кинофильми тартылып бүткөндөн кийин Шабдан баатырды тартуу керектигин уккандан кийин ЖК депутаты Роза Акназарова агынан жарылып, Манас баатырдын качан кино болуп тартылаарына кызыкты. Султан Раев Голливудга барганда Манасты кино кылып тартуу жаатына кызыккандыгын, бирок алардын баасы боюнча 120 млн. доллар кетээрин айтты. Бирок, Роза айым оюнан кайткан жок, “силер Кыргызстан менен эле чектелбей, дүйнөлүк масштабда, дүйнө жүзүн көтөрө тургандай кылып, дүйнөлүк долбоор түзгүлө, ошондо кызыккандар өздөрү келишет”, – деди. Бөдөш Мамырова дагы “Чыңгызханды” монголдор эле тартпаганын, ага 4-5 мамлекет катышканын айтып, эл аралык уюмдарга кайрылып көрүү керектигин айтты. Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев Манасты тартуудан биринчи мыкты киносценарий жазылыш керектигин эскертти. Ал эми кинорежиссер Геннадий Базаров акчаны абдан сарп кылчу “Манасты” тартууну азырынча кое туруп, колдо болгон акчаны мыкты киноактерлорду окутуп, кинорежиссерлорду даярдап, материалдык-техникалык базаны чыңдап туруп, анан тартуу керектигин айтты. Ошентип, “Манасты” кино кылып тартып, бүткүл дүйнөгө кыргыздын тарыхын, каада-салтын, ырым-жырымын, музыкасын, салттуу билимин, оюн-зоогун, жаратылышка, мал-жанга болгон аяр мамилесин, аялзатын сыйлоосун көрсөтүүнү катуу каалап турсак да, аттиң, ар кандай себептер менен кино тартууга мүмкүнчүлүгүбүздүн чектелүү экендигин билип, арман кылдык. Бирок, кыргызды дүйнөгө дагы бир жолу дүңгүрөтүп чыгара турган “Манас” киносу болоорун билип, ага умтулушубуз керек. “Манас” дегенде тыйын албай тартыла тургандар четтен чыгат. Башка өлкөлөр менен биргелешип, кино бир жылда болбосо, беш жылда тартылып бүтсө деле чоң жетишкендик.

Сымбат МАКСУТОВА, “Эркин Тоо”, 04.06.2013-ж.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*