Ысык-Көлдү сагынуу

ch_aitmatov_1963Кыргыз журтчулугу гана эмес, дүйнөлүк адабият сүйүүчүлөрү сүйүп окуган керемет чыгармаларды жараткан залкарыбыз Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда бул өмүр менен кош айтышкан. Чыңгыз ага тирүү болсо, быйыл 85 жашка чыкмак. Анын Гүлнур Сатылганова ырдап жүргөн «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу ырдын сөзүн Чыңгыз Айтматов жазганын көпчүлүк биле бербес чыгар. Обону композитор Муратбек Бегалиевге таандык. Мына ошол ыр кандайча жаралган?

Сөзү: Чыңгыз Айтматовдуку
Обону:
 Муратбек Бегалиевдики
Кыялымда ак куу болуп,
Учуп жүрөм көл үстүндө.
Көк асмандын мейкининде,
Балык сымал эркин сүзөм.

Кайырма:
Алыс кетсем куса болуп,
Сагынам салкын төрүн.
Алтын көлүм, Ысык-Көлүм,
Сагындым мен толкун көркүн!

Байыркынын, бабалардын,
Сөзү калды көл бетинде.
Балалыгым эстен чыкпайт,
Изим калды көл четинде.
Кыялымда учуп барам,
Бийик чокунун үстүнөн.
Кылым карып, кырлар ашкан,
Кыргыз көлү чөкпөсө дейм.

Ыр тууралуу кеп кылардан мурда жазуучунун жашоо сүртүмдөрүнө баш бакпай койбосок болбос. Чыңгыз Айтматов 80 жашында оорудан улам дүйнө салганда бийик тоо кулагандай ар бирибиздин жүрөгүбүз зыркырады. «Айтматовду түбөлүктүү деп ойлоп алыптырбыз» деп канчалаган адамдардын каңырыгы түтөдү. Мындай залкар кыргыздын маңдайына кайрадан бүтөбү, жокпу, албетте, эч ким так айта албайт.

Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик ишмердин үй-бүлөсүндө туулган. 1948-жылы Ветеринардык техникумду, 1953-жылы Кыргыз айыл чарба институтун, 1956-1958-жылдары жогорку адабий курстарды (Москва) аяктаган. Эмгек жолун «Литературный Кыргызстан» журналында редактор болуп баштаган.

Чыңгыз агабыздын калеминен жаралган эмгектер – азыркы замандагы эң көп окулган, көөнөрбөс чыгармалар. Китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Алар билим берүү, тарбиялоо процессинин ажыратылгыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана университеттердин программасына кирген.

Чыгармалары жазуу түрүндө гана элге сунушталбастан, тасмага да түшүрүлгөнү баарыбызга маалым. «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Ак кеме» жана башка. Айтор, Айтматов жөнүндө айта берсе сөз көп.

Муратбек Бегалиев, КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты:«ЧЫКЕМДИН ДАГЫ БИР ТАЛАНТЫ АЧЫЛБАЙ КЕТТИ»

– Германиянын Кёльн шаарында стажировкада жүргөм. Адаттагыдай күндөрүмдүн биринде иштеп отурсам телефон шыңгырап калды. Немисче тил билбей кор болгонумду сураба. Күнүмдүк турмушка керектүү сөздөрдү жаттап алгам, ошолорду божурап телефон чалган адамга айта баштадым. Көрсө, Чыңгыз Айтматов экен. Тааныгандан кийин сүйүнүп кеттим. Анда ал Люксембургда элчи болуп иштеп жаткан. Ал-жай сурашкан соң үйүнө конокко чакырды.
Бир жарым саатта экспресс поездге отуруп жетип бардым. Барсам, ал киши көрүнбөйт, бир аз күтүп отурдум. Аңгыча СССРдин жана Люксембург герцогдугунун желектери илинген ак жана кара Мерседес унаалары келип токтоду. Ичинен калдайып Чыкем чыкты.

Чыкемдин үйүндө бир топ жашап калдым. Мен барганда Мариям эжебиз жок экен. Бир жумадан кийин Кыргызстандан балдары менен кайтып келди. Ошондогу эже алып келген кыргыз тамактарынын даамдуулугун айтпа. Азыркыга чейин таңдайымда.

Ал киши менен ар түрдүү темада чай үстүндө маек куруп отуруу абдан кызыктуу эле. Чыкем менен баарлашканда убакыттын кандай учканын билбей калчумун. Кандай темада сүйлөшпөйлү, айланып эле

Ата Мекен, туулган жер, ага болгон куса, сагынычка келип такалчубуз. «Байке, сиз чет жерде көп жүрөт эмессизби. Кыргыз жерин сагынсаңыз керек. Биринчи кезекте оюңузга эмне келет?» дедим. Балалыгы, кичи мекени, анан албетте, Ысык-Көл эске түшөрүн айтты. Дароо ойлоно түштүм да, «сиздин чыгармаларыңыздан кээде ыр саптарын окуп калам. Келиңиз, Ысык-Көл жөнүндө ыр жазып бериңиз, обонун мен жазайын» дедим. Чыкем ойлонгуча эле Мариям эже, Ширин, Элдар, баары жабалактап колдоп жиберишти. Бул идеям жазуучуну шыктандырып салды көрүнөт, колуна калем кармап, ак кагазга дароо эле чиймелей баштады. Ырдын башкы саптары эч кыйынчылыксыз, бат эле чыкты. Бул, балким, залкардын жерине болгон кусалыгы күчөп турганынан болсо керек. Бүткөндөн кийин үнүн жасап өзү көркөм окуп берди. Мына ушул аз мүнөттөрдө эле Чыкемдин дагы бир таланты ачылбай калганын билдим. Жазуучу болбосо, балким, композитор чыгат беле деген ойго келдим. Ошентип, «Ысык-Көлдү сагынуу» ырына обон жараттым. Ыр Гүлнур Сатылганованын аткаруусунда элге тарады.

Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти:«АЙТМАТОВДУ КЛИБИМЕ ТАРТАМ ДЕГЕН ЭЛЕМ…»

– «Ысык-Көлдү сагынуу» ырын аткарып чыккан кезде Улуттук консерваториянын эстрада бөлүмүндө солист болуп иштечүмүн. Бул ырды мага Муратбек Бегалиев сунуштаган. Аранжировкасын Таалай Бейшеев, Максат Сулайманкулов, Бакыт Айтбосунов деген жигиттер иштеп чыккан. Биринчи жолу Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун чыгармачылык кечесинде, 90-жылдардын орто ченинде ырдагам. Чыңгыз агабыздын өзүн кошуп клип тартайын деп жакшы эле аракет кылдым. Бирок идеямды колдоп, Айтматов менен байланыштырып, жардам берейин дегендер чыкпай, оюм ишке ашпай калды. Аталган ырды Чыңгыз агабыздын чыгармачылык кечелеринде, мааракелеринде дайыма ырдап жүрдүм. «Жакшы ырдаптырсың, рахмат» деп өзү да ыраазы болгон эле.

«Супер-инфо», №553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*