Бакпур-Ата: баралбас жердин мазары

Бакпур-Ата мазарындагы "казан", сүрөт "Азаттыктын" сайтынан алынды

Бакпур-Ата мазарындагы “казан”, сүрөт “Азаттыктын” сайтынан алынды

Тажикстандын аймагындагы айтылуу Бакпур-Ата мазары чек арада болгондуктан, жергиликтүү тургундар ал жакка кенен-кесири бара албайт.

Мургаб шаарчасынан жолго чыктык. Чыгышты көздөй бир сааттай жүрүп, Токтомуш айылында Эрдөөлөт Келдибек ажы уулунун УАЗ машинасына түштүк. Мургабчылар «биздин жерге кыргыз, топоз жана УАЗ гана чыдайт» дегендей эле бар.

Көпүрөсү бузулган жайык суудан кечип өтүп, Кытайга кетчү жаңы ачылган «Көлмө» чек ара өткөөлүн көздөй кеткен жолдон түштүккө салдык.

Асфальт бүтүп, өңгүл-дөңгүл таш жолго түштүк. Бир сааттай жүргөндөн кийин тажик армиясынын турагына келдик. Бирин-экин акталбаган боз чаңгыл үй, короодо бузулган машиналар. Кароол секичеси болбогондо, бир кездери дүйнөдөгү эң бир кубаттуу советтик армиянын турагы болгон бул жайды кароосуз калган мал сарай деп ойлошуңуз мүмкүн.

Дарбазанын алдында бир топко туруп калдык. Жолдон кой айдап, күнгө көмүрдөй карарып күйгөн койчуларга учураштык.

Зым менен тосмолонгон аскер турагына кирип кеткен Эрдөөлөт бир далайдан кийин мылтык көтөргөн аскер менен кошо чыкты.

Аскер биздин жаныбызга отурду. Тили буруу болгондуктанбы, же милдети ошондойбу, жолду катар унчуккан жок.

Мургабдын Кытай менен чектешкен жери тикенектүү зым менен ирээттүү тосмолонгон. Анда-мында зым дарбазалар бар.

Мерчемдүү жерге келгенде, аскер машинадан түшүп, дарбазаны ачып, биз ичкери өттүк. Тосмонун аркы бети менен сууну кечип айдаган Эрдөөлөт нейтралдуу зонада баратканыбызды айтты.

Ансыз деле өтө бийик болгондуктан, алыстан асман мелжип шаңкайган тоолор бул жерден томурайган дөбө болуп көрүнөт. “Тээ тарапты караң. Чек ара ачык кездерде Ооганстандагы туугандар менен ошол тараптан катташчу экен. Беш мамлекеттин чек арасы тогошкон жер болгондуктан “беш жылдыз” деп атайбыз”,- деди Эрдөөлөт түштүк-батыш тараптагы аска-зоолуу бийик тоолорго кол жаңсап.

Көп өтпөй күн чыгышка бурулдук. Капысынан ачылган көрүнүш ушунча таңкалычтуу болгондуктан, көргөн көзүмө ишенбей, түшүмбү же өңүмбү деп ойлодум. Көк чөп баскан жашыл тоолордун ортосундагы оюгураак жерде дөөдөй болгон сапсары дөбө көзгө урунду. Дөбөнүн төбөсүндө тай казандай көзөнөктө суу былкылдап, көбүктөнүп турат.

Көрсө айтылуу Бакпур-Ата мазары ушул экен. Эрдөөлөт Келдибек ажы уулу коноктордун таң калып турганын көрүп, көңүлү көтөрүлө сүйлөдү. Орто бой, ак калпагын башынан түшүрбөгөн Эрдөөлөт мурда Мургабдагы жети айылдын биринде айыл башчысы болгон. Арыкчырай чап жаак жигиттин кыймыл-аракети айылдык мугалимдей сыпаа.

Эрдөөлөт Келдибек ажы уулу: Бул дөбө Алла Тааланын жараткан өзгөчө жери. Дөбөнүн үстүндө адам жасап койгондой казан жайгашкан, казандагы суу кадимки от калагандай кайнап, ашып турат. Бир мезгилдерде жакшы болгон, кан этти алып келип салса бышып калган.

Жупуну маектешибиз бизге от калап, казан аскандай белгини көрсөтүп, түшүндүрүп жатты.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Бакпур Манастын бешинчи атасы болгон. Бул ысымды 15-кылымда Индияга барып, Улуу Могол падышалыгын түптөгөн Чыңгызхандын урпагы Захир ад-дин Мухаммад Бабур менен да байланыштырышат экен.

Эрдөөлөт Келдибек ажы уулу: Бакпур ата Олуя адамдардан болгон, ал кишинин сөөгү бул жерге коюлгандыктан элдер сыйынуучу мазар болуп калган.

Жаңыл Жусупжан: Бакпур ата Манастын бешинчи атасы деген сөз чынбы?

Эрдөөлөт Келдибек ажы уулу: Манастын бешинчи атасы деген сөз туура, “Олуясы жоомарт жер” дегенинин мааниси да ошондон калган.

Эрдөөлөттүн айтымында, илгери бул жерлерде тегирмен айланып, буудай бышып, соода иштери жүрүп, кербендер ары-бери каттап турган экен. Кытай менен СССРдин ортосундагы кансыз согуштун мезгилинде бул кыймыл кан буугандай токтогон. Мургабчылар – келечекте Улуу Жибек-Жолу кайра жанданып, турмуш оңолот деп үмүттөнүшөт.

Эрдөөлөт Келдибек ажы уулу: Бакпур-Aта – Ак-Суу өрөөнүнө караштуу мазарлуу жерлерибиздин бири, сыйынуучу жай болуп эсептелет. Бул жерге ооруган адамдар сакайып кетели деп атайын алыстан келип сыйынып, Аллага болгон ой-тилектерин айтып, балалуу болбогондор бала тилеп кетип турушат. Бул жер Олуясы жоомарт жер, ошондуктан баары урматташат. Грузиянын Боржоми деген минералдык суусунан кур калышпаган минералдык сууларыбыз бар. Бул мазар өтө алыс жайгашкандыктан, көп адамдар келе алышпайт. Өзүнүздөр көрдүңүздөр – жол өтө алыс, Кытай менен Ооганстандын чегинде, беш мамлекет: Пакистан, Индия, Кытай, Ооганстан, Тажикстан бириккен жерде турат. Бул жер аркылуу келечекте Карачи порту менен бириккен чоң жол түшөт деген үмүтүбүз бар.

Тилекке каршы, Бакпур-Атага мургабчылар каалагандай келип кете алышпайт.

Эрдөөлөт Келдибек ажы уулу: Бул жер чек ара, бул жакка уруксат алып келиш керек, каалагандай келүүгө болбойт. Себеби, өзүңүз көрүп турасыз бул жер беш мамлекетин чегинде жайгашкан.

Жаңыл Жусупжан: Сиз өзүңүз бул мазарга канчада бир келесиз?

Эрдөөлөт Келдибек ажы уулу: Дартыма шыпаа болсун деген адам же төрөй албай жүргөн аял болсо жана башка тилектерибиз болсо келип, Алладан тилеп, сыйынып кетебиз.

Жаңыл Жусупжан: Ушул жердин тургунусуз, анан сиз уруксат алышыңыз керекпи?

Эрдөөлөт Келдибек ажы уулу: Ушул жердин тургунубуз, бирок чек арада тургандарга кирип чыгалы деп айтып, паспортторубузду көрсөтүп, анан кирип чыгабыз.

Кыргыздын бир канча өлкөнүн аймагында калган жерлери дабалуу булак, ыйык мазарга бай. Бирок геосаясатка байланыштуу, мындай жайлардын айрымдарына эл каалагандай, эркин каттай албай калган.

Кытайдын батышындагы Какшаал өрөөнүндөгү Кырк чоронун кырк тереги, Сыргак менен Музбурчактын күмбөздөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк чектелген. Ал жактарга Кытайдын башка жагында жашаган кыргыздар атайын уруксатсыз каттай албайт. Себеби Кыргызстан менен чек араны бойлой кеткен 100 чакырымдык тилке коопсуздук зонасы деп саналат.

Кытай менен Тажикстандын ортосундагы нейтралдуу аймакта турган Мургабдагы Бакпур-Ата мазарына жол ачык болгондо, турмуш-шарты катаал бул аймак эл аралык туризмдин Мекесине айланаарына күмөн жок.

Балким Кыргызстандан да ал жакка Манастын урпактары каттап турмак.

Жаңыл Жусупжан, “Азаттык”, 04.06.2013-ж.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*