Шуулдабай калган теректер

s_jigitov3Бурул Бакеева эжени карапайым адамдардын турмушун көркөм чыгармада чагылдырган, ал гана түгүл коркунучтуу дүйнө болгон баңгизаттарын ташып келүү, аны сатуу боюнча Тажикстанга соода кылганы барып-келип жүрүп, өз көзү менен күбө болгон нерселерин коркпостон кагаз бетине түшүргөн калемгер катары билемин. Бурул эже бүгүнкү жан сырында кыргыздын чыгаан илимпозу, коомдук ишмери, биздин алдым-жуттум заманыбызда сейрек кездешип калган жөн гана чынчыл инсаны, айылдашы Салижан Жигитовду эскерип өттү.

“Тоо койнуна кысылган” жаңгакзарлуу айылымдагы Салижан аке Жигитовдун атасы тиккен бул теректердин шуулдабай калганынан бери далай жылдар өтүптүр. 1960-жылдарга чейин асман тирей бой керген ошол мырза теректерди кыйышып, Салижан аке өзү окуган, мен да окуган мектебибизге улай класс, мастерская, клуб салышкан. Айылыбызды аралап көл бойлой өскөн бийик теректердеги сансыз уялардан чымчыктар кужурап сайрашып, шамал болгондо жалбырактары укмуштай шуулдашып, алда кайда угулуп турар эле. Күз келгенде саргайган жалбырактар шамалга учуп жолдо жайнап, аны тебелей мектепке кирип барчубуз. “Шуулдаба теректеримди…” уккан сайын бала чагым, ошол шоодураган теректерди эстеймин. Ал теректер эми жок. Аларды жазып, түбөлүккө калтырган илимпоз, коомдук ишмер, акын жана жазуучу Салижан аке өзү жок. Анын теректеринин шуудурун Түгөлбай Казаковдун, Асанкалый Керимбаевдин, Алтынай Нарбаеванын мукам аваздарын укканда гана эстейбиз. Менде болсо ошол мырза теректердин түбүндө олтурушуп, чер жазыша маек курган атам, Салижан аке жана бир тууган агасы, айылдаштарыбыз болуп түшкөн саргайган сүрөт жана Салижан акенин өзү менен акыркы жолу сүйлөшкөнүм гана калды. Ал кезде Салижан аке “Манас”-Түрк университетинде иштөөчү. Кабинетинде жарым сааттай сукбат курдук. “Сен жазсаң, жазгандай жазгын. Азыр коом, мезгил өзгөрдү, ошого жараша талап дагы башкача болот. Ошону сезе билгин. Эгер мыкты жаза албасаң базарыңда соодаңды кылып, же оокатыңды эптеп өткөрүп жүрө бергин”,- деди агай. Мен болсо замандын кыйындыгынан көр тириликтин айынан коңшу Тажикстанда жашаган кыргыздарга барып, соодадан акча таап, ал жактан наркосооданын жашыруун сырын билип эсим эки болгонун, аябай тобокелчиликке салган, түшкө киргис акчалар айланып, кылмыштуулук коштогон героинди алганын дагы, сатканын да эки гана жол күткөн (өлүм жана түрмө) адамдар менен таанышканымды айтып бердим. “Мына ошону көркөмдөштүрүп жаза аласыңбы? Бул али чети оюлбаган, эч ким кайрыла элек тема экен. Эгерде ойдогудай жаза алсаң, баш сөзүн өзүм жазып берейин”,- деди агай. Агайдын кабинетинде туулуп-өскөн айылыбыз, айылдаштарыбыз, атам жана ошол мырза теректер тууралуу да маектештик. Ак көңүл, жаш баладай көөнү ачык, көлдүктүгүм дегенде (айылыбыздын эли качанкы бир мезгилдерде Көлдөн көчүп барып жашап калышкандыгы үчүн ШамалТерек аты өчүп, Көлдүк аталып калыптыр) жанын да аябаган берешен, айкөл адам эле жарыктык. Айылдан келип, шаарда жатарга жери жок болсо да, анын үйүн издеп жөнөшчү. Бир жолу “Дордой” базарында бир жердешибиз семичка сатып жүрүптүр. Кайдасың десем, Салижан акеникинде дейт. Ушундай кең пейил, жөнөкөй, жердештеринин ишине өзүнүкүндөй чуркаган кең пейил инсан катары айылдаштарыбыздын эсинде түбөлүккө сакталып калды.

Көрсө, ошондо акыркы жолу сүйлөшкөнүбүз экен. Мен кайрадан Россияга кеттим. Чыгармачылыктын эмес, сооданын сырын ачып, эне экемин балдарыма адамча жашоого шарт түзүп берейин деп акчанын артынан түшүп, Новосибирь, Красноярск, Якутияда жүрдүм. Ал жактан алган таасирлеримди туулган жерге барганда баары бир китеп кылып жазам деп, келечектеги китебиме каражат табуу үчүн орус токоюнун суугуна тоңдум, казак чөлүндө күнгө сызгырылдым, якут тайгасынын шуудуруна суктандым. Россиядан кайтып келсем, аттиң дүйнө, таш боор оорунун азабынан Салижан акенин көзү өтүп кеткен экен. Колумдан бир кымбат буюмумду алдыргандай элейдим, зээним кейиди…. Жылдар өттү. Чоң эне, таене болуп өмүрдүн күзү келгенде, “Шуулдаба теректеримдин…” ыры жазылган дискти коюп алып, кумарланып укканча түбү чындыктан алынып жазылган, наркотрафик боюнча төрт адабий чыгармамды жазып бүттүм. Ошентип, китебиме баш сөз жазылбай калды. Балким, ошондо Салижан аке “жазсаң жазгандай жаз, наркосоода боюнча өз көзүң менен көрүп, өзүң күбө болгон нерселерди негиз кылып чыгарма жаз” дебегенде, бул темага кайрылат белем же кол шилтеп коёр белем?

Айткан сөзү менен жашоо образы дал келген мындай чынчыл адам чанда жаралар. А мен болсо ушундай кылымдар бир төрөп берчү залкар адам менен айылдаш болгонума, Оштон борборго келген сайын анын маңыздуу сөздөрүн, агалык кеп-кеңештерин угуп калганыма кубанам, сыймыктанам. Көзү тирүү болгондо 17-март күнү 77 жазын тосмок. Бул эскерүүм Салижан агайдын элесине арналган гүлдесте болсун.

Бурул Бакеева, “Обон”, 24.03.2013-ж.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*