Басылбековдон Омар Хайям

haiyamЖакында белгилүү кыргыз котормочусу Кубанычбек Басылбеков агай аты ааламга таанымал болгон перс акыны Омар Хайямдын рубаилерин чакан китеп кылып чыгарыптыр. “Чөнтөккө салып, өзүң менен алып жүргөнгө ыңгайлуу болсун деп”, – дейт Кубанычбек агай.

Омар Хайямдын рубаилери бул жашоонун кайгы-капасын жеңүүгө жардам бере алган жаназык дары боло аларын жакшы билебиз. Аны адам дайыма жанында алып жүргүсү келет.

Кубанычбек Басылбеков өмүр бою Омар Хайямдын рубаилерин которуп келүүдө. Уламдан-улам аны оңдоп, түзөп, котормосун өтөсүнө жеткиргиси келип аракеттенүүдөн тажабайт да эч чарчабайт. Бул китепке Омар хайямдын ырларын даярдап жатып да, аларды дагы бир жолу иштеп чыкты. Улуу чыгыш акынын окуган адамга, ал ырларын кыргыз тилинде гана жазгандай сезилет. Котормонун мыктылыгына Эрнис Турсунов агай да “Омар Хайямдын мурдагы котормолорунан жакшы жакка кескин айырмаланат экен. Эң жогорку деңгээлде которупсуң” деп баа берген. Кыргыз котормочуларынын дөө-шаалысы, ойлогонун ойлогондой айткан агайдан мындай сөздү угуу кымбатка турат.

Бул китептин дагы бир айырмачылыгы, ага Омар Хайямдын 725 рубаиси камтылган. Буга чейин мынчалык сандагы рубаилери эч которулган эмес. Мурдагы окурмандарыбыз ашып кетсе 400 рубаи менен тааныш боло алган.

Көп сөз сүйлөп отурбай рубаилердин өзүлөрүнө жол берели. Алардан артык айта албасмын.

* * *
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап чалса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми – чөп эмессиң сен деген.

* * *
Өмүр кыска. Өчүрбөстөн жалынды
Шарап сактайт кайгы-муңдан жаныңды.
Ыраазы болуп тагдыh берген энчиңе
Өзгөртөм деп ойлобогун аныңды.

* * *
Чөйчөгүңдө мелт-калт толо өмүрүң,
Ичпей коюп, суутпа анын көңүлүн.
Бүгүн тагдыр бергендерин, эртеси
Колдон жулуп, калтырбасын көбүгүн.

* * *
Ичпе деген мыйзам жана зор талап,
Чөйрөң байкап, орду менен ич шарап.
Иче билген кемтик эмес – эстүүлүк,
Улуу сөзгө маани берсең түз карап.

* * *
Тагдыр мага баш ийгенде, турмакмын
Кайра баштан жакшы тагдыр курмакмын.
Кубанычты көкөлөтүп дүйнөдө,
Кайгы-муңду түбү менен жулмакмын.

Омар Хайямдын китебин котормочунун өз колунан кол тамгасы менен алгысы келгендер 0553 625-635 номерине чалсаңыздар болот!   

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*