Жыпар Умарова

jypar_umarova

(1968)

 

Жыпар Умарова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Акын Жыпар Умарова 1968-жылы Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. 1994-жылы ОшПИнин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 1991-94-жылдары Аксы районунун «Ленинчил жаш» орто мектебинде мугалим болуп баштаган. Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде 10 жыл кабинет башчы болуп иштеген.

Ж.Умарованын ырлары студент кезинен баштап гезит-журналдарга жарыяланып келет. 2002-жылы «Саамалык – 3» жаштардын көркөм адабий чыгармаларынын жыйнагына ырлары чыккан. 2008-жылы жаштардын «Бүчүр» альманахына да ырлары жарыяланган. «Кызыма кырк нуска», «Сырдашуу» аттуу эки китептин автору.

Учурда Ош МУнун финансы-юридикалык колледжинин улук окутуучусу болуп эмгектенүүдө.

“Сырдашуу” китебинен

 

Китептери

“Сырдашуу”

 

Ырлары

САБАКТАН ЧЫККАН КОШ САПТАР

–  Эх, сабак – 90 мүнөт өмүрүмсүң
Чарчаган же жайнаган көңүлүмсүң.

– Суроолуу 90  мүнөт көздөр карайт
Саат жылбайт. Коңгуроону көңүл самайт.

– Сабак – сен – ырыскы, кешигимсиң
Кечиксем да, сен ачык эшигимсиң.

– Ызы-чуу… балдар кээде чарчатат
үйгө келип, аларды ойлоп таң атат.

– Сабак өзү курал экен дем берүүчү
Балдар мага күн сайын текшерүүчү.

– Мейли окуба, окуучум сабагымды
Адам болгун, кенен таштап кадамыңды.

– Студенттен башка сени ким издесин?
90 мүнөт таажысыз бийликтесиң.

– Сабак-сахна, сабак-майрам чынында
Сабак ыйык, жашайт дайым ырымда

– Намазың каза болсо, кайра окуйсуң
Сабагың өтүлбөсө, не чочуйсуң?

– Ката сүйлөп, же баркыңды кемитсем
Кечир сабак, кечир сени кейитсем!
2013-жыл, февраль айы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*